Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

НАСАнын космостук аппараты "Дүйнөнүн кыйырына" жетти


НАСА окумуштууларынын басма сөз жыйыны. Мэриленд, 1-январь, 2019-жыл.
НАСА окумуштууларынын басма сөз жыйыны. Мэриленд, 1-январь, 2019-жыл.

НАСАнын 12 жыл мурда космоско учурулган планета аралык аппараты Күн системасынын эң алыскы мейкиндигиндеги "Ultima Thule" же "Дүйнөнүн кыйыры" аттуу астероиддин жанынан учуп өттү.

АКШнын Космостук агенттиги (NASA) "Жаңы горизонттор" аттуу бул космостук зонд астероидди жандап өткөндөн кийин жөнөткөн сигнал алты сааттан кийин Жерге жеткенин 1-январда кабарлады. Маалыматка ылайык, бул аппарат "Ultima Thule" астеороидинен 3,5 миң чакырым аралыкта учуп өткөн.

"Дүйнөнүн кыйыры" атыккан, узундугу 32 чакырымдык астороидге жетиш үчүн НАСАнын аппараты 6,4 миллиард чакырымдык жол жүрдү.

Ал саатына 51 миң чакырым ылдамдык менен учкандыктан НАСАнын окумуштуулары анын астороид менен кагылышуусу мүмкүн экенин айтышкан. Бирок Жерге жеткен сигналга ылайык, космостук объектинин жанынан учуп өтүү аппаратка олуттуу зыян тийгизген эмес.

Жер жаңгак формасындагы "Ultima Thule" астеороиди 2014-жылы табылган. Ал Күн системасындагы "эргежел планета" атыккан Плутондон 1,6 миллиард чакырым аралыкта жайгашкан.

"Жаңы горизонттор" аппараты Плутон менен анын Харон аттуу жандоочун изилдеш үчүн 2006-жылдын январь айында космоско учурулган. Бул миссия 15-17 жылга созулары кабарланган. 2015-жылдын июль айында бул аппарат Плутондон 12,5 миң чакырым аралыкта учуп өткөн.

XS
SM
MD
LG