Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Даниядагы темир жол кырсыгы алты кишинин өмүрүн алды


Даниядагы поезд кырсыгы болгон көпүрө. 2-январь, 2019-жыл.
Даниядагы поезд кырсыгы болгон көпүрө. 2-январь, 2019-жыл.

Даниядагы поезд кырсыгынан алты киши мерт болуп, он алтыдай адам жабыркады.

2-январда өлкөнүн эки негизги аралын байланыштырган көпүрөдө катуу бороон маалында жүк ташуучу жана жүргүнчү поезддер кагышканын Даниянын темир жол мекемеси билдирди.

Катаал аба ырайы жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүүгө жолтоо болуп жатканы кабарланды.

Кырсык маалында поезддердин биринде жүргүнчүлөрдү жана экипаж мүчөлөрүн кошкондо 131 киши болгон.

Жүргүнчү поезд Даниянын Фюн аралындагы Оденсе шаарынан Зеландия аралында жайгашкан баш калаа Копенгагенге бара жаткан.

XS
SM
MD
LG