Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Кыргызстан БУУнун бюджетинин 0,002 пайызын көтөрөт


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы уюмдун бюджетин аныктап, аны толтуруш үчүн ар бир мамлекеттен алына турган сумманы жарыялады.

АКШ мурдагыдай эле БУУнун бюджетинин эң чоң пайызын көтөрө турган болду. АКШдан бюджеттин 22 пайызы чегерилет. Алгачкы жолу Жапониядан озуп, экинчи орунга Кытай чыкты. Ал БУУнун бюджетинин 12 пайызын көтөрөт. Орусия 2,4 пайызды көтөрөт. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнөн ичинен Кыргызстан эң аз сумманы төлөйт. Анын көлөмү болгону 0,002 пайызды түздү.

БУУнун жылдык бюджети 5,4 миллиард долларды түзөт.

Буга чейин Кыргызстан БУУга мүчө болуш үчүн жыл сайын 24 миң доллардай каражат төлөшү керек экени айтылып келген.

2018-жылдын июль айында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш көптөгөн мамлекеттер төлөмдөрүн кечиктирип жатканын айтып, кат аркылуу мүчө өлкөлөргө кайрылган. Кат алгандардын катарында Кыргызстан да бар болчу. (KR)

XS
SM
MD
LG