Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

Ууландырылганын айтып чыккан Капаров ооруканага которулду


Ооруканадагы Абдылда Капаров.
Ооруканадагы Абдылда Капаров.

Төрт жылга кесилген милициянын полковниги Абдылда Капаров ооруканага которулду. Мунун алдында Капаров Балыкчы шаарындагы №51 жатак абакта тамакка ууландырылганын айтып чыккан.

Абдылда Капаров 2017-жылы 25-мартта кармалган. Ага прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 297-329-338-беренелери менен ("Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакыруу", "Кылмыш жасалганы жөнүндө атайылап жалган билдирүү таратуу", "Соттун өкүмүн аткарбай коюу") иш козгогон. Мындан сырткары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) да 299-беренеге ("Кастыкты козутууга багытталган иш-аракет") ылайык кылмыш ишин ачкан.

Буга азыркы президент, өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Сооронбай Жээнбековдун арызы себеп болгон. Былтыр 27-июнда Ош облустук соту Капаровду төрт жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөгө милдеттендирген.

Абдылда Капаров 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Кийин Ошто саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду жана Мелис Мырзакматовду колдоп митингдерге катышып жүргөн. Ош шаарындагы митингдердин биринде ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөп жиберген. (KR)

XS
SM
MD
LG