Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарына "Азия кубогу - 2019" оюндарына катышуу үчүн жөнөп кетти.
Александр Крестинин жетектеген курама команда Катардын баш калаасы Дохада дээрлик бир айга созулган машыгууларын 2-январда жыйынтыктады.
Кыргызстандын курама командасы машыгуу иретинде Катардан үч өлкөнүн курама командалары менен оюн өткөрдү. Алгач ал Иорданияны 1:0 эсебинде, Палестинаны 2:1 эсебинде утуп, Катарга 1:0 эсебинде утулуп калды.
Кыргызстандын командасы Ал-Айн шаарында жайгашып, ал жерден алгачкы эки оюнун өткөрөт. Алгач 7-январда Кытайдын, кийин 11-январда Филиппиндин курама командалары менен беттешет.
"КТРК Спорт" телеканалы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык стадиядагы бардык оюндарын түз алып көрсөтөт.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогуна алгачкы жолу катышууда. (KR)