Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 4-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;
Суусамырда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-3, күндүз 6…8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -8…-13;
Бийик тоолордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -8…-13 градус суук болот.
Бишкекте 4-январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 3…5 градуска чейин жогорулайт. (KR)