Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Советтик жана орусиялык музыкант Крис Келми көз жумду


Крис Келми. 17-апрель, 2011-жыл.
Крис Келми. 17-апрель, 2011-жыл.

Крис Келми деген ысым менен таанымал ырчы жана музыкант Анатолий Келми 1-январда Москванын жака-белиндеги өз үйүндө 63 жашында көз жумганы маалым болду. Анын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз. Аны дарыгерлер эстен танган абалда табышкан, бирок өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Крис Келминин жылдызы 1980-жылдары жанган. Ал Советтер Союзунун маалында белгилүү болгон "Рок-Ателье" деген топту негиздеген. Бир кезде "Автограф" тобунда ырдачу. Ал "Ночное рандеву", "Усталое такси" деген ырлардын автору.

Крис Келми ошондой эле "Өтүкчөн ит" ("Пес в сапогах") деген мультфильмдин музыкасын жазганы менен да белгилүү.

XS
SM
MD
LG