Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:49

Кесиптештерин "банда" деп куттуктаган полиция кызматкери иштен алынды


Социалдык тармактарда тараган видеодон алынган кадр.
Социалдык тармактарда тараган видеодон алынган кадр.

Казакстанда кесиптештерин куттуктап жатып, аларды "банда" деп атаган полиция кызматкери иштен алынды. Ал Ички иштер министрлигине караштуу Караганда академиясынын кызматкери А.Р. Тастайбеков аттуу жаран экени маалым болду.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүдө мамлекеттик кызматтын беделине шек келтирген кадамы үчүн Тастайбеков иштен алынганы жазылат. Андан тышкары жалпы окуу жайынын жетекчилигине сөгүш жарыяланган.

Социалдык тармактарда жайылып кеткен видеодо полиция формасын кийген киши кесиптештерин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, "Биз "братвабыз", "бандабыз"" деп айткан.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, видео 2018-жылдын 31-декабрда тартылган. Аталган факт боюнча кызматтык териштирүү жүргөн. Көп жылдардан бери укук коргоочулар Казакстандын коопсуздук органдарын жемкорлукка байланыштуу айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG