Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна Кыргызстандын коргоочусу Виктор Майер барбайт. Команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымдагандай, Майер жаракат алып калганына байланыштуу анын ордун Павел Сидоренко алмаштырат.
- Биз аягына чейин Виктордун жакшы болуп кетишинен үмүт үзбөй турдук. Бирок анын жаракаты жана калыбына келүү процесси узак убакытты алчудай. Андыктан биз оюнчунун ден соолугун тобокелге сала албайбыз жана Майер 2022-жылы боло турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына жардам берет деген үмүттөбүз, - деди Крестинин.
Азия кубогунун регламентинде эгерде кайсы бир оюнчу жаракат алса, турнир башталаарга 6 сааттан кем эмес убакытка чейин ордун башка оюнчу менен алмаштырууга уруксат берилет.
Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азиянын кубогу 5-январда башталат. Ага 24 команда катышат. Финалдык оюн 1-февралда өтөт. (SDz)