Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Футбол боюнча Азия кубогунун оюндары 5-январда башталат


Кыргызстан менен Сириянын футболчуларынын жолдоштук беттеши. 10-сентябрь, 2018-жыл. Бишкек.
Кыргызстан менен Сириянын футболчуларынын жолдоштук беттеши. 10-сентябрь, 2018-жыл. Бишкек.

Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия кубогу башталууда. Чемпионаттын расмий ачылышы 5-январда болуп, алгачкы оюнду БАЭ менен Бахрейн командалары ойнойт. Бул оюн Абу-Дабидеги 50 миң көрөрманды батырган эң чоң «Зайед Спорт Сити» стадионунда өтөт.

Футбол боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын улуттук курама командасы биринчи жолу катышууда. Футболчулар “С” тайпасына жайгашып, Кытайдын, Филиппиндин жана Кореянын командалары менен беттешет. Алгачкы оюн 7-январда Кытайдын командасы менен болот.

Футбол оюндары Абу-Дабиден тышкары, Аль-Айн, Дубай жана Шарж шаарларында өтмөкчү. Оюндарга катышкан 24 команданын оюндары 8 стадиондо болот. Финалдык оюн 1-февралга белгиленген. (SDz)

XS
SM
MD
LG