Ош шаарында эки кыз каза болгон мейманканада табылган илбирстин териси кайдан келгени иликтенип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы "Азаттыкка" билдирди.
1-январда Оштогу он эки кабаттуу үйдүн жертѳлѳсүнѳн ѳрт чыгып, 20 жана 27 жаштагы эки кыздын өмүрү кыйылган.
Жергиликтүү тургундар жертөлөдө сауна болгонун жана ал шаардын вице-мэринин жакындарына таандык болушу мүмкүн экенин билдирип жатышат.
Киши өлүмү менен аяктаган өрт боюнча кылмыш иши козголгон. Текшерүү учурунда мейманкана катары иштеп жаткан жайдан илбирстин жана карышкырдын териси, эликтин катырылган башы табылган. Милиция алар мейманкананын кире бериш бөлмөсүндө илинип турганын жана эскирип калганын билдирди.
"Жетиген" деп аталган мейманкананын администратору аларды кѳп жыл мурда былтыр каза болгон жолдошу алып келгенин айткан. (MdN)