Былтыр 28-декабрда тыңчылыкка шектүү катары Москвада кармалган АКШ жараны Пол Уиланга расмий айып коюлду. Орусиялык "Интерфакс" агенттиги Уилан айыптоону четке кагып жатканын жазды.
Маалыматка караганда, адвокат Владимир Жеребенков Уиландын камакка алынышы боюнча Москва шаардык сотуна даттанып, аны күрөөгө бошотууну өтүндү.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Пол Уиланды 28-декабрда кармаган. 29-декабрда Москванын Лефортово райондук соту аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Ал коюлган айыптар боюнча 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
«Росбалт» агенттиги атайын кызматтагы өз булактарына таянуу менен Уилан Орусиянын жашыруун мекемелеринин биринде иштеген кызматкерлердин тизмеси жазылган флеш-картаны алып жатканда кармалганын кабарлады.
Шаршембиде тергөө абагында отурган Уилан менен АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман жолукту. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусиядан америкалык жаранга коюлган айыптардын чоо-жайын сурап, аны тез арада бошотууну талап кылганын билдирди.
48 жаштагы Пол Уилан автоунаа тетиктерин ташуу менен алектенген америкалык "BorgWarner" компаниясынын коопсуздук боюнча директору болуп иштейт. Ал 1994-жылдан 2008-жылга чейин АКШнын деңиз аскер корпусунда резервдеги кызматкер катары кызмат өтөгөн.
Уиландын туугандары "анын чалгын кызматы менен байланышы бар" деген маалыматты четке кагып, ал Москвага досунун үйлөнүү тоюна катышуу үчүн барганын айтып жатышат.