Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Пелоси - Конгресттин Өкүлдөр палатасынын спикери


Нэнси Пелоси АКШ Конгрессинин отурумунда. Вашингтон. 3-декабрь, 2018-жыл.
Нэнси Пелоси АКШ Конгрессинин отурумунда. Вашингтон. 3-декабрь, 2018-жыл.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатсынын спикери болуп Демократиялык партиянын өкүлү Нэнси Пелоси шайланды. Анын талапкерлигин 219 конгрессмен колдоп, 192си каршы добуш берди. Пелосиге республикачылардын палатадагы лидери Кевин Маккарти атаандаш болду.

Конгресстин жаңы курамы ишин 3-январда баштады.

Буга чейин Пелоси Мексика менен чек арага дубал куруу үчүн акча бөлбөй эле мамлекеттик мекемелердин ишин калыбына келтире турган мыйзам долбоор кабыл алынарын билдирген. "NBC" телеканалына берген интервьюсунда ал АКШнын президенти Дональд Трамп дубалдын курулушуна акча ала албай турганын айткан.

Трамптын администрациясын сындап келген Нэнси Пелоси 78 жашта. Ал 2003-жылдан бери Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери болуп келген. 2007–2011-жылдары Өкүлдөр палатасынын аялдардан чыккан алгачкы төрайымы болгон. 2010-жылы демократтар шайлоодо жеңилгенден кийин парламенттик азчылыкты башкарган.

XS
SM
MD
LG