Кыргызстанда балык уулоочу синтетикалык торлорду, балык кармоочу атайын электр жабдыктарды өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу сунуш кылынууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов иштеп чыгып, коомдук талкууга коюлду.
Эл өкүлү балык уулоочу торлор синтетикалык материалдардан даярдалгандыктан чыйрак болуп, көпкө сакталып, сууда чирибей турганын, алар көлдөрдө жана башка суу объектилеринде топтолуп калып жатканын белгилеген.
Ошондон улам мыйзамдын негиздемесинде балык, сууда сүзүүчү канаттуулар өлүп, көлдөрдүн жана суу объектилеринин бузулушуна шарт түзүп жатканы айтылат. (BTo)