Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Айдоочунун жоопкерчилиги тууралуу мыйзамдын мөөнөтү өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Айдоочулардын жоопкерчилигин камсыздандырууну баштоо үчүн өткөөл мөөнөт берилет. Финансылык көзөмөл кызматынын маалыматына караганда, «Автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 7-февралда күчүнө кирет. Бирок 7-августка чейин кошумча убакыт берүү жагы каралып жатат. Өкмөттүн тиешелүү токтому коомдук талкууга коюлду.

Өкмөт эгер камсыздандыруу полиси бар айдоочу жол кырсыгына кабылса анын мүлктүк кызыкчылыктары корголорун айтууда. Полистин баасы азырынча аныктала элек.

Айдоочулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы 2015-жылы 24-июлда кабыл алынган жана расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин – 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек.

Бирок 2016-жылдын 2-августунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен мыйзамга анын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 7-февралына чейин узартуу каралган өзгөртүү киргизилген.

Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин жана Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин ичинде автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу системасы жок жалгыз өлкө. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG