Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Кайрымдуулук уюмдарынын ишин жөнгө салуучу норма иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кайрымдуулук уюмдарынын ишин жөнгө салуучу жаңы нормалар иштелип чыкты. Бул жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга чыгарды.

«Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө» мыйзам 1999-жылдын 6-ноябрында кабыл алынган. Ага ылайык, коммерциялык бирикмелер ыктыярдуу негизде “кайрымдуулук уюму” деген макам алууга укуктуу. Алар үчүн Салык кодексинде жеңилдиктер каралган, бирок бир да уюм андан пайдаланбайт. Себеби кайрымдуулук уюму деп таанылыш үчүн өз кирешесинин 98% кайрымдуулук максаттарына, 2% гана административдик муктаждыктарына сарптай алат.

“Бул шартты иш жүзүндө аткаруу мүмкүн эмес, анткени кирешенин 2% менен бир да уюм жашай албайт” деген демилгечилер «тең салмактуулук» вариантын иштеп чыгышты.

Депутаттардын белгилешинче, сунушталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепттерге алып келбейт. (RK)

XS
SM
MD
LG