Ташкенттин аэропортунда Өзбекстандын мурдагы жараны, 32 жаштагы Рахмат Турон кармалды. “Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, Турон азыр Франциянын жараны жана ал мекенине туристтик виза менен келип, кайра кайтып жаткан.
Прокуратура 1987-жылы Мубарек районунда туулган Рахматилла Тураев (Рахмат Турон – Ред.) аттуу адам Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “кылмыштуу жол менен алынган киреше” жана “чек арадан мыйзам бузуп өтүү” деген эки беренеси боюнча айыпталып жатканын, ага эл аралык издөө жарыяланганын билдирди.
Буга чейин өзбек бийлиги "Өзбекстан ислам кыймылы" террордук уюмунун иш-аракеттерине катышкан" деген шек менен кармалган АКШ жараны Закир Алиевди кармап, кийин кайра бошоткон. (RK)