Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Түркия Ооганстан боюнча саммит уюштуруу ниетин билдирди


Имран Хан жана Режеп Тайып Эдоган. 04.01.2019
Имран Хан жана Режеп Тайып Эдоган. 04.01.2019

Түркия ооган өкмөтү жана талибдердин ортосундагы 17 жылдан бери токтобой жаткан куралдуу жаңжалды токтотуу жөнүндө Ооганстан менен Пакистандын сүйлөшүүлөрүнө ортомчу боло алат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып түрк президенти үч өлкөнүн өкүлдөрү катыша турган жолугушуу Стамбулда март айында өтөрүн айтты.

- Кудай буюрса үч тараптуу саммитти Стамбулда 31-марттагы шайлоодон кийин өткөрөбүз. Ооганстан, Пакистан жана Түркия ортосундагы мындай жолугушуу көптөгөн проблемаларды чечүүгө өбөлгө түзөт, - деди Эрдоган.

Имран Хан да бул саммит Ооганстанда көптөн күткөн тынчтыкты орнотууга жардам берерине ишенерин кошумчалады.

Стамбулда саммит өткөрүү демилгеси АКШ талибдер менен ооган өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрүн жөнгө салуу аракетин көрүп жаткан чакта көтөрүлүп олтурат. АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзоз буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү талибдер менен үч жолу жолугушкан. Бирок талибдер Ооганстандын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен түзмө-түз жолугушууга каршы болуп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG