Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Ташкенттин аэропортунда кармалган Рахмат Турон бошотулду

Рахмат Турон, Ислам Каримовду диктатор деп айыптаган жазуу менен.
Рахмат Турон, Ислам Каримовду диктатор деп айыптаган жазуу менен.

Ташкенттин аэропортунда кармалган, теги өзбекстандык, Франциянын жараны, 32 жаштагы Рахмат Турон бошотулду.

Ал 4-январда Францияга кайра кетип жатканда кармалып, 5-январда бошотулганын өзү "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди.

Маалыматка караганда, күч кызматкерлери Рахмат Туронду 2006-жылы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн деп кармап, Кашкадарыя облусунун Мубарек райондук Ички иштер бөлүмүнө алып барышкан. Ага ошол кезде ачылган кылмыш иши жабылып, анан коё беришкен.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, Турон азыр мекенине туристтик виза менен келип, кайра кайтып жаткан болчу.

Прокуратура 1987-жылы Мубарек районунда туулган Рахматилла Тураев (Рахмат Турон – Ред.) аттуу адам Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “кылмыштуу жол менен алынган киреше” жана “чек арадан мыйзам бузуп өтүү” деген эки беренеси боюнча айыпталып жатканын, ага эл аралык издөө жарыяланганын билдирген.

Рахмат Турон 2015-жылы жарандыктан ажыратылган, ошол жылы ал Франциянын жарандыгын алган.

Буга чейин анын Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду диктатор катары айыптап келгени белгилүү.

XS
SM
MD
LG