Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) футбол боюнча Азия кубогунун оюндары расмий башталды. Алгачкы оюн “А” тайпасында өтүп, анда талаа ээлери катары БАЭ өлкөсү Бахрейн менен ойноду.
Бахрейн көбүрөөк топко ээлик кылуу менен экинчи таймда биринчи болуп гол киргизди. Чабуулдун жүрүшүндө 78-мүнөттө Мохамед ал-Ромайхи биринчи гол киргизсе, Араб Эмирликтеринин футболчулары оюн бүтөрүнө эки мүнөт калганда пенальтинин жардамы менен эсепти теңей алышты. 11 метрликти ийгиликтүү ишке ашырган Ахмед Халил болду.
БАЭ жана Бахрейн тең оюн көрсөткөндүктөн бирден упайга ээ болушту. Бул тайпада Индия жана Таиланд бар. Алардын оюну 6-январда болот.
Азия кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы да катышууда. “Ак шумкарлар” 7-январда алгачкы оюнду Кытай өлкөсүнө каршы ойнойт. (SDz)