Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) футбол боюнча Азия кубогунун тайпалык оюндары бүгүн уланат.
“А” тайпасында Индия менен Таиланд өлкөлөрүнүн футболчулары упай талашат. Бул тайпада кечээ 5-январда алгачкы оюн башталып, БАЭ менен Бахрейн футболчулары 1:1 эсебинде тең ойношкон.
Ошондой эле бүгүн 6-январда “В” тайпасында оюндар жүрөт. Турнирдин күчтүү командаларынын бири саналган Австралия футболчулары Иордания менен ойносо, Сирия Палестина менен талаага чыгат.
Азия кубогуна Кыргызстандын улуттук курама командасы да катышууда. “Ак шумкарлар” эртең 7-январда алгачкы оюнду Кытай өлкөсүнө каршы ойнойт. (SDz)