Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Чек арачы офицер пенсия тууралуу депутат Тиллаевге кайрылды


Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Чек арачы офицер иштеп жаткандардын пенсиясына каршы чыккан депутатка ачык кайрылуу жолдоду.

Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Раимбек Турдалиев Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевге кайрылып, “Мекен сакчыларынын кызматы жеңил эмес, өмүрүбүздү жана саламаттыгыбызды тобокелге салган учурубуз көп болот” деп билдирди.

Чек арачы ошондой эле “Күч структураларында кызмат өтөгөндөрдүн пенсиясын кыскартуу маселесин кароодон мурда Мекен сакчыларын турак жай, жеңилдиктер менен камсыздоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алууңузду суранам” деди.

Турдалиев 29 жылдан бери аскерде кызмат кыларын, төрт баласы менен бир бөлмөлүү батирде жашарын, жубайынын ден соолугу начар болгондуктан ишке жараксыз экенин кошумчалады.

Депутат Тиллаев иштеп жаткан пенсионерлер же айлык, же пенсия гана алышы керектигин айткан. Анын бул демилгеси коомчулукта кескин сын жараткан. Бирок өзү кийин комментарий берип, 50-60 миң пенсия алып, ошол эле учурда 100 миң сомдук айлык менен иштеп жаткан күч органдарынын кызматкерлери тууралуу айтканын билдирген.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 5401 сом болсо, орточо айлык 15,7 миң сом. (RK)

XS
SM
MD
LG