Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Талас: Тойдо автомат атылган видео боюнча шектүүлөр аныкталды (видео)


Сүрөт интернеттен алынды.
Сүрөт интернеттен алынды.

Талас облустук милициясы үйлөнүү той учурунда автоматтан ок атылганы тууралуу видеонун чоо-жайын иликтеп чыкты. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, бул окуя 2018-жылдын күзүндө Таласта болгон.

Бирок ок атылган эмес, себеби видео монтаждалган, ал эми адамдардын колундагы автомат чыныгы курал эмес, муляж экени аныкталды.

Тасманы монтаждоого тиешеси бар деп 21 жаштагы тургундар шектелүүдө.

Бүгүн 6-январда интернетте үйлөнүү тоюндагы кортеж “Манас-Ордого” кетчү жолдо баратканы, машиненин терезесинен чыгып алган эки адамдын бири колундагы автоматтан өйдөнү көздөй аткылап жатканы тартылган видео тарады. Анын алдында “Таласта үйлөнүү тоюнда автоматтан атышты. ИИМ каякты карап отурат?” деген жазууну көрүүгө болот. (AlS)

Видео Талас ОИИБнен алынды.

XS
SM
MD
LG