Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

Парижде нааразылык акциялары кайрадан уланды


Париж. 08.12.2018
Париж. 08.12.2018

Парижде нааразылык акциялары кайрадан уланып, бул жолу демонстранттар өкмөттүк имаратка чейин кирип барышты. Кызматкерлерден эч ким жабыркаган жок, имараттын ичиндегилерди полиция алып чыгып кетүүгө үлгүрдү.

Ишемби күнү Франциянын бир нече аймагында жалпысынан 50 миңдей адам көчөгө чыкты.

Ички иштер министри Кристов Кастанер “бул өткөн жумага караганда көбүрөөк, бирок ноябрдагы 280 миң адамга караганда албетте, азыраак” деп билдирди.

Францияда митингдер ноябрь айында башталган. Алгач он миңдеген адам өкмөттөн күйүүчү майга болгон салыкты көбөйтүүдөн чегинүүсүн талап кылып чыккан. "Сары кемселчендер" президент Эммануэль Макрондун жана өкмөттүн отставкасын да талап кылышкан.

Бийлик алардын бир катар талаптарын аткарды, бирок Жаңы жылдык кайрылуусунда Макрон реформалар улантыларын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG