Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Казакстанда адам өлүмүн калыс иликтөөнү талап кылгандар көчөгө чыкты


Караганда. 06.01.2019
Караганда. 06.01.2019

Казакстанда Жаңы жылдын түнүндө адам өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу тургундар нааразылык акциясына чыгышты.

Бүгүн 6-январда Караганда шаарынын борборуна чогулгандар окуяны дыкат иликтөөнү талап кылышты. Акимчиликтин өкүлү менен жолуккандан кийин алар тарап кетишти. Бирок ишти калыс териштирүүнү талап кыла берерин айтышты.

“Азаттык” радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, ишемби күндөн бери шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, атайын кошумча техника тартылды.

1-январга караган түнү Карагандадагы ресторандардын биринде калайман мушташ чыккан. Жараат алган төрт адамдын бирөө каза болгонун прокуратура билдирген.

Бийлик өкүлдөрү “чыр улут аралык мүнөздө” деген сөздөрдү четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG