Тажикстандык офицер Ооганстан менен чек ара аймагында каза болду. Расмий органдар бул маалыматты тастыктай элек, бирок “Азаттык” радиосунун тажик кызматы маалымдаганына караганда, окуя 4-январда болду.
Чек арачы Суханвар Олимиён (Хамидзода) Шамсиддин Шохин (мурдагы Шуроабад) районундагы “Бахорак” бекетинде кызмат өтөөгө төрт ай мурда киришкен.
«Тажик-ооган чек арасына жакын тилкеде дайынсыз болуп жаткан малчыны издөө учурунда аны белгисиз топ барымтага алган. Алдын ала маалыматка караганда, чек арачыны атып өлтүрүшкөн” деп билдирди “Азаттыкка” күч органдарындагы жеке булак.
Окуя боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.
Суханвар Олимиён 34 жашта болчу. Ал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында окуп келген. (RK)