Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Украин православ чиркөөсү көз карандысыздыгын бышыктаган документ алды


6-январда Украинанын православ чиркөөсү көз карандысыздык жөнүндө күбөлүк (томос) алды.

Ишемби күнү кол коюлган тастыктаманы Константинополь патриархы Варфоломей Стамбулдагы Ыйык Георгий чиркөөсүндө Киев метрополити Епифанийге тапшырды.

Таатка Украинанын президенти Петро Порошенко, Жогорку Раданын төрагасы Андрей Парубий жана башка жетекчилер катышты. Порошенко бул документти алуу менен Украина эгемендикке жеткенин айтты.

Варфоломей дүйнөдөгү бардык православдарды украин чиркөөсүн таанууга, мындан ары ортодокс ибадатканаларында окулган дубалдарда Киев митрополити Епифанийди эскерип жүрүүгө чакырды.

Кремль украин чиркөөсүнүн көз карандысыздык (автокефалиясы) алганын бөлүп-жаруучулуктун, украин бийлигинин дин иштерине одоно кийлигишүүсүнүн натыйжасы деп эсептейт.

Ал эми орус православ чиркөөсү жаңы украин чиркөөсүн тааныбайт. Константинополь патриархатынын украин чиркөөсүнө көз карандысыздык берүү чечиминен кийин байланыштарын үзүп салган.

Патриарх Варфоломейдин резиденциясы Стамбулда – мурдагы Константинополдо жайгашкан.

XS
SM
MD
LG