Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:49

Болтон: Сириядагы аскерлерди чыгаруу жөнүндө так жадыбал жок


Кошмо Штаттар Түркиядан күрттөрдүн коопсуздугу камсыздалат деген кепилдик алгандан кийин гана Сириядагы аскерлерин чыгарып бүтөт.

Бул тууралуу 6-январда АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон билдирди.

Күрт кошуундары Американын Сириядагы исламчыл экстремисттерге каршы күрөштө өнөктөшү болчу.

Болтон америкалык аскерлерди чыгаруу жараяны «Ислам мамлекети» террордук уюмунун Сириядагы калган жоочуларын жок кылууга байланыштуу болорун баса белгиледи.

"Сириядагы операцияга катышкан контингентти алып кетүүнүн так жадыбалы жок" деп айткан кеңешчи Түркия ал өлкөдөгү аскердик аракеттери тууралуу Вашингтон менен макулдашып турушу керектин кошумчалады.

Былтыр 20-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна каршы күрөштү жеңдик деп, Сириядагы аскерлер дароо чыгарыларын "Твиттерге" жазган.

Бул чечимге нааразы болгон коргоо министри Жим Мэттис, анын аркасынан Пентагондогу бир топ жетекчилер кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG