Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 10:17

Көчөдө тамеки тарткан кишини милиция кармаганы жөнүндө видео тарады (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Интернетте милиция кызматкерлери өрт коркунучу бар жерде тамеки тарткан кишини кармаган видео тарады.

Анда эки милиция кызматкери "тамеки тартканы" айтылган кишини ары-бери сүйрөп жатканы тартылган. Жанындагы аялы айыптуу тоодо жүрүп жаңы эрежелер тууралуу билбей калганын айтып, кечирим сурап жатканын көрүүгө болот. Видео Кыргызстандын кайсы аймагында тартылганы белгисиз. Милиция азырынча маалымат бере элек.

​1-январдан тартып ишке кирген Бузуу жөнүндөгү кодексте автоунааларды туура эмес токтоткондорго, тамекини тыюу салынган жерде тарткандарга, коомдук жайларда түкүргөндөргө, милицияга, өрт өчүрүү кызматына же "Тез жардамга" жалган маалымат бергендерге, лифттерге зыян тийгизгендерге, коомдук жайларда элдин тынчтыгын бузгандарга, таштандыны өрттөп же туш келди ыргыткандарга, көчөдөгү люктардын капкагын ачкандарга айыппулдар белгиленген.

​Жаңы жобого ылайык, көчөдө, коомдук жайларда түкүргөн жаран 5,5 миң сом административдик жазага тартылат. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (27)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG