Ирандын Борбордук банкы улуттук акчанын реформасын сунуш кылды. Риалдан төрт нөлдү алып салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору өкмөттүн кароосуна ишембиде берилди.
Бул тууралуу ИРНА маалымат агенттиги жазды. 2018-жылы Ислам жумуриятынын улуттук валютасы кунун жоготуп, инфляция дээрлик 40 процентке жеткен. 6-январга карата 1 АКШ доллары 110 миң риалга сатылып жатты.
АКШ президенти Дональд Трамп 2015-жылкы өзөктүк келишимдин негизинде алынган санкцияларды кайра киргизерин айтып келет. Трамп "макулдашуу Ирандын баллистикалык ракета программасын камтыбайт жана Тегеран АКШ террорчулар деп атаган уюмдарды колдоп жатат" деген жүйөсүн келтирген.
Алты өлкөнүн арачылыгы менен жетишилген келишимде Иран өзөктүк программасын чектейт, ал үчүн эл аралык санкциялар бара-бара алынат деп айтылган.
Өкмөт Борбордук банктын демилгесин колдосо, реформа тууралуу документти Революция сакчылары кеңеши текшерип, парламент жактырышы керек.