Интернетке Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу тарады.
Видеодо 25-30 жаштагы белгисиз жигит Бишкектеги сөз болуп жаткан имараттын алдына келип, өзүнүн нааразылыгын айтып туруп, анын тосмосуна карай түкүргөнүн көрүүгө болот.
- Мамлекетти уурдап, жеген, ичкен жана карызга батырган мамлекет башында иштеп кеткендердин, колунан эч нерсе келбей сүйлөгөндөрдүн урматына..., - деп туруп, Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратын көздөй түкүргөнүн көрүүгө болот. Андан соң ал капчыгынан 5500 сом алып чыгып, "келип алып кеткиле" деп кайрылган.
2019-жылдан баштап өзгөртүүлөр киргизилген жаңы кодекстер күчүнө кирген. Жаңы өзгөрүүлөрдүн ичинде коомдук жайларда түкүрүүгө тыюу салынат. Мындай жорукка 5500 сом айыппул каралган.
Жол эрежелерин бузган айдоочуларга салынуучу айыппулдун өлчөмү да бир нече эсе көбөйгөн. Учурда коомчулукта айыппулдардын маңызы жана өлчөмү кызуу талкууга түшүп жатат. Айрымдар айыппулдардын өлчөмү орточо маянадан да көп экенин айтып нааразы болсо, башкалар бул чаралар жол кырсыктарын азайтып, эреже бузгандарды тизгиндей тургандыгына ишенет. (KR)