Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:28

Ош облустук милициясы чуулгандуу видео тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.

Буга чейин Интернетте милиция кызматкерлери өрт коркунучу бар жерде тамеки тарткан кишини кармаган видео тараган, бирок ал видео социалдык тармактарда "түкүргөндүгү үчүн кармалган аялдар" деген аталыш менен жайылып кеткен. Ош облустук ички иштер башкармалыгы соцтармактарда тараган маалыматты төгүндөдү.

"Бул видеодогу жагдай Ош облусунун райондорунун биринин аймагында болгон. Анда соцтармакта айтылгандай аялды түкүргөндүгү үчүн эмес, видеодогу аялдын күйөөсү өрт коркунучу жаралуучу жерде тамеки чеккендиги үчүн эскертип, түшүндүрүш үчүн милициянын таяныч пунктуна барышын өтүнүп, ал жаран менен таяныч пунктун көздөй бараткан кезде жарандын достору түшүнбөстүктөн тоскоолдук кылып видео тасмага тартып, туура эмес маалымат таркатышкан" деп жазылган билдирүүдө.

Милиция кызматкерлеринин аракети мыйзам чегинде бузуунун бирдиктүү реестрине катталган. Ал жаран эскертилгендиги боюнча керектүү документке кол коюп берген соң үйүнө коё берилген.

1-январдан тартып ишке кирген Бузуу жөнүндөгү кодексте автоунааларды туура эмес токтоткондорго, тамекини тыюу салынган жерде тарткандарга, коомдук жайларда түкүргөндөргө, милицияга, өрт өчүрүү кызматына же "Тез жардамга" жалган маалымат бергендерге, лифттерге зыян тийгизгендерге, коомдук жайларда элдин тынчтыгын бузгандарга, таштандыны өрттөп же туш келди ыргыткандарга, көчөдөгү люктардын капкагын ачкандарга айыппулдар белгиленген.

Жаңы жобого ылайык, көчөдө, коомдук жайларда түкүргөн жаран 5,5 миң сом өлчөмүндө административдик жазага тартылат. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG