Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Бишкек ШИИБ: Жогорку Кеңеш тарапка түкүргөн жаран изделүүдө


Видеодон скриншот.
Видеодон скриншот.

Жогорку Кеңеш менен президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жаран изделүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Нурлан Кайназаров кабарлады.

- Күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык (Жоруктар жөнүндө кодекс жана Бузуу жөнүндө кодекс) мындай жорук үчүн административдик жазага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тартат. Биздин кызматкерлер жаранды таап, акимиатка алып келет. Анан акимиат ага айыппул салат.

Жаңы күчүнө кирген Бузуу жөнүндө кодекстин 71-беренесине ылайык "таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү" 5500 сом айыппул менен жазаланат.

Буга чейин Интернетке Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу тараган.

Видеодо 25-30 жаштагы белгисиз жигит Бишкектеги сөз болуп жаткан имараттын алдына келип, өзүнүн нааразылыгын айтып туруп, анын тосмосуна карай түкүргөнүн көрүүгө болот.

Айрым Интернет колдонуучулар белгисиз жигиттин жоругун колдосо, башкалары аны адепсиздик катары сыпаттаган. (KR)

XS
SM
MD
LG