Түркмөнстандын жалпы билим берүү мекемелеринде президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөттөрү кайрадан жаңыланды.
“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, Дашогуз облусунун мектептеринин дубалдарына президенттин чачын ак аралаган сүрөттөрүн илишкен. Бул үчүн мугалимдер беш манаттан чогултушкан.
Мындан тышкары өлкөнүн бардык мамлекеттик мекеме-ишканаларында президенттин портреттери жаңыланууда.
Учурда Ашхабадда президенттин чачын ак аралаган сүрөттөрүн ээн-эркин беш манатка ($1,3) сатып алса болот. Түркмөн президентинин “өткөн сезондогу” кара чачтуу сүрөттөрү болсо арзандатуу менен 4 манаттан ($1) сатылууда.
Былтыр жайында түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов күтүүсүздөн имиджин өзгөртүп, эл алдына ак аралаган чачы менен чыга баштаган.
Түркмөнстанда президенттин портреттери маал-маалы менен жаңыланып турат. Сүрөттөр мамлекеттик мекемелерде, коомдук жайларда, мектептерде, ооруканаларда илинип турууга тийиш.