Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети газ коопсуздугу, суюлтулган газ толтурулган баллонду колдонуу жана алдын алуу боюнча жаңы жобо иштеп чыкты.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаев кабарлады. Анын айтымында, жобо учурда өкмөттүн кароосунда турат.
Буга чейин Кыргызстанда жеке турак жайларда, ашкана-кафелерде газ баллону жарылып, киши өмүрү кыйылган же адамдар жабыркаган учурлар катталган.
31-декабрдын таңында Орусиянын Магнитогорск шаарында он кабаттуу үйдө подъезд толугу менен урап түшкөн. Кырсыкка газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 35 батир толугу менен, 10 батир жарым-жартылай бузулганын кабарлаган. (КЕ)