Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:20

Айылдашын аткан кадамжайлык тургун чет жактан кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзүнүн айылдашын атып салып качып кеткен Кадамжай районунун тургуну Казакстанда кармалып, Кыргызстанга экстрадиция болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Анын маалыматында айтылгандай, 2018-жылдын 26-августунда аталган райондун Үч-Коргон айыл округундагы айылдардын биринде 22 жаштагы жигитти белгисиз бирөө атып кеткен.

Жабырлануучу оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерде иликтөө жүргүзгөн милиция кызматкерлери ок аңчылык куралынан атылганын такташкан. Тергөө учурунда жабыркаган жаран сүйлөй алган эмес.

Натыйжада аны атуу үчүн жабырлануучунун айылдашы, учурда Орусияда иштеп жүргөнү айтылган 21 жаштагы тургун шектүү деп табылган. Ал Казакстанда иштеп жүргөн жеринен кармалды. Сурак учурунда ал айыбын мойнуна алып, куралды кайда катканын көрсөтүп берди. Шектүү оштогу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, эки айга камакка алынды.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, шектүү жеке келишпестиктерден улам гана айылдашын өлтүрүүгө аракет кылган. Бул иш боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында иликтөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG