Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

Латвиянын премьер-министрлик кызматы АКШнын жаранына сунушталды


Кришьянис Кариньш.
Кришьянис Кариньш.

Латвиянын президенти Раймондс Вейонис өкмөттү куроо милдетин “Жаңы Биримдик” партиясынын лидери, Европарламенттин депутаты Кришьянис Кариньшге тапшырды.

54 жаштагы Кариньш АКШда туулган, учурда эки өлкөнүн жарандыгына ээ. Ал өткөн жылдын октябрындагы шайлоодон кийин премьер-министрлик кызматка сунушталган үчүнчү талапкер болуп калды. Алдыңкы эки талапкердин өкмөттү куроо аракети ийгиликсиз аяктады.

“Жаңы Биримдик” Латвиянын парламентинде чакан фракцияга ээ. Президенттин айтымында, Кариньш оңчул жана ортолук позицияны карманган парламенттик фракциялардын да колдоосун алууга убада берген. Алар буга чейинки сүйлөшүүлөрдө бир пикирге келе алышкан эмес.

Жаңы башкаруучу коалицияга “Улуттук биримдик”, “Жаңы консервативдик партия”, “Өнүгүү үчүн\Макул” партиялык биримдиги жана “Өлкө кимге таандык?” аттуу партиялар кошулары кабарланды. Оппозицияда буга чейинки коалицияга кирген “Жашылдар жана дыйкандар биримдиги” жана “Макулдук” партиялары калышты. Алар көпчүлүк орунду ээлешкенине карабай өкмөттү куроого жетише алышкан жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG