Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

АКШнын аскердик кемеси Румыниянын портуна келди


АКШнын аскердик кемеси Румыниянын Константа портунда. 2014-жылы тартылган сүрөт.
АКШнын аскердик кемеси Румыниянын Константа портунда. 2014-жылы тартылган сүрөт.

Румыниялык жана америкалык расмий өкүлдөрдүн маалыматына караганда, эки өлкөнүн аскердик кемелери Кара деңизде, Румыниянын аймактык сууларында жана эл аралык сууларда биргелешкен машыгуу өткөрмөкчү.

Румыниянын Константа портуна 7-январда келген АКШнын аскердик кемеси ал жерде 10-январга чейин турат.

Америкалык аскердик кеменин Кара деңиз боюнча сапары Орусия менен Украинанын деңиздеги тирешинен кийин алгачкы ирет өтүп жатат.

Былтыр 25-ноябрда Кара жана Азов деңиздери кесилишкен Керч кысыгында болгон окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия”, Орусия “чагым” деп баалаган.

Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган. (UE)

XS
SM
MD
LG