Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:01

Мамытов: Бахадыр Сулейманов жарандыгын текшерткен эмес


Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов.
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов.

Бахадыр Сулеймановдун 2014-жылы кош жарандыгын текшерүүгө уруксат бергени калп экенин акыйкатчы Токон Мамытов "Азаттыкка" билдирди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов макулдугун бербегени үчүн анын кош жарандыгы тууралуу маалыматты текшерүүгө мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Мыйзамга ылайык, БШК Казакстандан бул маалыматты Бахадыр Сулеймановдун кат түрүндө жазган макулдугунун негизинде сурай алат.

Акыйкатчы Токон Мамытов Бахадыр Сулеймановдун кош жарандыгын текшериш керек экенин айтып, Боршайкомго кайрылган. Ал "Азаттыкка" буларды айтып берди:

- Казакстандын мыйзамдарына ылайык бир адамдын жарандыгын текшериш үчүн андан уруксат алышы керек. Бахадыр Сулейманов "мен 2014-жылы кайрылгам" дейт, бул калп. Ал макулдугун 2014-жылы да берген эмес. Азыр да макулдук бербей жатат. БШК андан сурады, "бизге арыз жазып бериңиз. Биз арызды Казакстанга жиберели. Ансыз алар маалыматты бербейбиз деп атат" деп.

Былтыр “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановдо жана "Республика – Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча жаңыдан депутат болуп келген Сагындык Келдибаевде башка өлкөнүн паспорту бар экени айтылган. Бирок азыркыга чейин мамлекет эки депутатка коюлган доомат боюнча расмий маалымат бере элек.

Бахадыр Сулейманов өзү Казакстандын жараны эмес экенин айтып жүрөт. (KR)

XS
SM
MD
LG