Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:21

“Талибан” АКШ менен сүйлөшүү өткөрө турганын жарыялады


"Талибандын" согушкерлери

“Талибандын” өкүлдөрү билдиргендей, алар АКШнын расмий адамдары менен эки күндүк тынчтык сүйлөшүүлөрдү 9-январдан тарта Катарда өткөрүшөт.

“Талибан” тараткан маалыматка караганда, Доха шаарындагы сүйлөшүүлөрдө алардын америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу чакырыгына, ошондой эле туткундарды алмашуу, кыймылдын жетекчилеринин ары-бери каттоосуна коюлган чектөөнү жоюу маселесине көңүл бурулмакчы.

Алдыдагы сүйлөшүүлөр АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзаддын “Талибан” лидерлери менен төртүнчү жолугушуусу болот.

Бирок “Талибан” лидерлери Ооганстандын өкмөт өкүлдөрү менен көзмө көз жолугуп, сүйлөшүүдөн баш тартууда.

Алар аймактык державалардын да сүйлөшүүлөргө ооган расмий бийлигинин өкүлдөрүн кошуу өтүнүчүн четке кагышты. Согушкерлер Кабулдагы бийликти “куурчак” өкмөт деп эсептейт.

Бир аз күн мурда “Талибан” АКШнын өкүлдөрү менен Сауд Арабиядагы жолугушууну токтотуп койгон. Анткени, расмий Эр-Рияд сүйлөшүү үстөлүнө Ооганстандын өкмөттүк делегациясын да отургузууга батыл аракеттенген болчу. (UE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG