Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Бээжинде мектептеги кол салуудан 20 окуучу жарадар болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Reuters" агенттиги кабарлагандай, Кытайдын борборунда кол салуудан жарадар болгон окуучулардын баары ооруканага жеткирилген. Башталгыч класстын 20 окуучусунун үчөө оор жарадар болгон. Кол салган адамды полиция кармаган.

Жергиликтүү бийлик жана полиция окуянын чоо-жайын айта элек. Социалдык сайттардагы маалыматтарга караганда, мектеп окуучуларынын көбү бычак жеген.

Өкмөттүк “Синьхуа” маалымат агенттиги дарыгерлердин сөзүнө таянып окуучулардын өмүрүнө коркунуч жок экенин кабарлады.

Кытайда балдарга каршы кыянатчыл кылмыштар сейрек кездешет. Бирок акыркы убакта ушундай мүнөздөгү бир нече окуя болду.

Былтыр июнда Шанхайда бычакчан адам жергиликтүү мектептердин бирине кол салганда, эки окуучунун өмүрү кыйылып, бирөө жараланган. Ага чейин апрель айында, Шэньси провинциясында бычак көтөргөн адам жети окуучуну өлтүргөн.

Былтыр январда болсо Кытайдын түштүгүндөгү кол салуудан 12 мектеп окуучусунун өмүрү кыйылган. Аларга кол салган адам жакында өлүм жазасына тартылган. (UE)

XS
SM
MD
LG