Президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бүгүн Анкарада президент Режеп Тайып Эрдогандын кеңешчиси Ибрагим Калин, Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Болтон Анкарадагы жолугушуулардын алдында Вашингтон Сириядагы күрт кошуундарына Түркия кол салбай тургандыгына кепилдик алууну көздөй турганын, бул АКШ Сириянын түндүк-чыгышынан өз аскерлерин чыгарышынын “шарты” экенин билдирген.
Анкара Сирияда АКШга өнөктөш болгон күрт кошуундарын Түркиянын ичиндеги күрт согушкерлерине байланышы бар “террорчулар” деп эсептейт.
Президент Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо жөнүндө өз чечимин алгач 19-декабрда жарыялагандан кийин аны Конгрессте республикачылар да, демократтар да сынга алышкан.
Вашингтондун Европадагы башкы өнөктөштөрү - Британия, Франция, Германия да бул чечимди туура көргөн эмес. Бирок Орусия менен Түркия Трамптын чечимин кубатташкан.
АКШнын президенти өз чечимин Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобу жеңилгени менен негиздеген.
Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында АКШнын эки миңден ашуун аскер кызматчысы жайгаштырылган. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө курамы жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган бирикмеге - Сирия демократиялык күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келген. (UE)