Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү тууралуу анын аппараты билдирүү таратты


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы облустун жетекчиси Абиш Халмурзаев тууралуу билдирүү таратты. Анда ал 2010-жылы Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалып, "Дан" ишканасынын жетекчиси кызматынан кеткени айтылат.

"2010-жылдын февраль айында Абиш Халмурзаев Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп шайланып, кызматына киришкендигине байланыштуу Кызыл-Кыя АК “Дан” ишканасынын жетекчисинин кызматын тапшыргандыгын жана аталган күндөн баштап Кызыл-Кыя шаарындагы “Азия” мейманканасынын ишинде да өз ишмердүүлүгүн токтотконун билдиребиз", деп жазылган билдирүүдө.

Бирок Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланган өмүр баянында Абиш Халмурзаев 2012-жылы да "Дан" акционердик коомунун жетекчиси болуп турганы көрсөтүлгөн.

Өкмөттүн расмий сайтындагы Абиш Халмурзаевдин өмүр баяны
Өкмөттүн расмий сайтындагы Абиш Халмурзаевдин өмүр баяны

Андан сырткары Абиш Халмурзаев "Дандан" кеткени менен, анын жетекчилигине тун уулу Данияр Халмурзаев дайындалган.

Мейманкананы башкарууну токтоткону менен ал кайра Абиш Халмурзаевдин менчигиндеги мүлк бойдон калган.

Иликтөөдө сөз болгон Данияр Халмурзаев - азыр да Кызыл-Кыя шаарынын депутаты, андагы транспорт жана өнөр жай комиссиясын мүчөсү, мурда ушул комиссияны жетектеген.

Кыргызстанда жана мурунку КМШ мамлекеттеринде "Дан" деген аталыштагы бир нече мекемелер бар. Бирок иликтөөдө сөз болгон Кызыл-Кыядагы "Дан" акционердик коому менен башкалардын байланышы жок.

Буга чейин "Азаттык" радиосу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаевге караштуу “Дан” акционердик коомунан мамлекеттин ири өлчөмдөгү буудайы зыянга учураганын, жок болуп кеткен буудай боюнча соттук териштирүү арадан төрт жыл өтсө да аягына чыкпай келгенин атайын иликтөөдө жарыялаган.

"Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаков жүргүзгөн иликтөөнүн видеосун жогорудагы шилтемеден көрүүгө болот. (YI/KR)

XS
SM
MD
LG