Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Президент Трамп америкалыктарга кайрылганы жатат


Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 6-январь, 2018-жыл.
Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 6-январь, 2018-жыл.

АКШ президенти бул жолу америкалыктарга Ак үйдөн 8-январда Вашингтон убактысы боюнча кечки тогузда, Бишкек убактысы боюнча таңкы сегизде кайрылганы жатат.

“Ассошейтед Пресс” агенттигинин маалыматына караганда, Трамптын сөзүн ABC, CBS, CNN, Fox News, MSNBC жана NBC телеканалдары түз алып көргөзмөкчү.

Ушул эле телеканалдар аркылуу Трампка Демократиялык партиянын Конгресстеги лидерлери да жооп берери күтүлүүдө.

Мурдараак демократтардын Эл өкүлдөр палатасындагы лидери Нэнси Пелоси жана Сенаттагы лидери Чак Шумер америкалык телеканалдарды Трампка жооп берүү үчүн аларга да президенттикине теңме-тең убакыт бөлүүгө чакырышкан.

Трамп өз сөзүндө АКШ менен Мексика чек арасындагы “кризис” узун жана бекем дубалды курууну талап кыларына көңүл бурмакчы.

Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушун каржылоого байланышкан пикир келишпестиктен улам Конгрессте бюджетти бекитүү создугууда. АКШнын федералдык мекеме - уюмдары 18 күндөн бери жарым-жартылай гана иштеп, алардын кызматкерлерине айлык акысы берилбей турат.

Администрациянын эсебинде, дубалдын курулушу үчүн быйыл 5,7 миллиард доллар ажыратуу зарыл.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерстин билдиргенине караганда, президент ушул бейшемби күнү Мексика менен чек арага, “улуттук коопсуздук менен гуманитардык кризистин майдан тилкесинде тургандар менен жолугуу үчүн бармакчы”.

Трамп АКШнын Мексика менен чек арасында мыйзамсыз миграциядан коргонуу максатында дубал курууну президенттикке талапкер кезинде эле убада кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG