Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Жаңы мыйзам боюнча абактан чыгарыла тургандардын тизмеси такталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен гумандаштыруунун негизинде абактан чыга турган жарандардын тизмеси такталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады. Анын айтымында, тактоо, ревизия жүргүзүү иштери үч айдын ичинде аякташы керек.

- Атайын бөлүмдөр бул багытта иштеп жатат, - деди ал. - Биз жаңы мыйзамдарды талдап көрүп, чыга турган адамдардын болжолдуу санын айтканбыз. Анткени кээ бир мыйзамдар жок болуп, айрымдары башкага өзгөрүп жатат. Ошонун негизинде толук чыкпаса да жаза мөөнөтү кыскарып калышы мүмкүн. Биз бул боюнча документтерди прокуратурага жөнөтөбүз. Алар сотко жөнөтүп, мыйзам боюнча үч айдын ичинде каралып бүтүшү керек.

Буга чейин ЖАМКтын башчысы Таалайбек Жапаров депутаттардын суроосуна жооп берип жатып жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен 460 адам түрмөдөн чыга турганын айткан.

Акыркы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда абакта отургандардын саны сегиз миңден ашат. Алардын 350дөйү аялдар. Ал эми Түрмөлөрдү изилдөө боюнча эл аралык борбордун маалыматына караганда, Кыргызстанда абакта отургандар он миңден ашат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG