Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Мамытов: Кытайлык кайрылмандардын арызы боюнча иш жүрүп жатат


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Кыргызстандын акыйкатчысы жакындарын издеген кытайлык кайрылмандардын арызы боюнча Кыргызстандын жана Кытайдын тиешелүү органдарына кайрылды. Акыйкатчы Токон Мамытов “Азаттыкка” кабарлагандай, ага азырынча жооп боло элек.

- Кыргызстандагы тиешелүү органдарга бердим, Кытай тарапка да чыктык, азырынча жооп ала элекмин, - деди ал. - Жакынкы күндөрдө болуп калабы деп күтүп жатам. Мен өзүм да силер аркылуу маалымат жеткирүүгө кызыкчылыгым бар. Кытай тарап менен да иштеп жатабыз, бирок азырынча бир нерсе деп айтууга эрте.

Өткөн жылдын 3-декабрында акыйкатчы Токон Мамытов Кыргызстанда жашап калган, жакындарын издеген кытайлык кайрылмандар менен жолуккан. Алар Кытайдагы дайыны чыкпай жаткан жана "саясий тарбия берүүчү" лагерлерде жүргөн туугандарынан кабар алып, эмнеге кармалып жатканын билип берүүнү өтүнүшкөн.

Мамытов “Азаттыкка” кытайлык кыргыздардын арыздары боюнча расмий тактоо, маалымат алуу иштери башталарын билдирген.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылдан бери тарай баштаган.

"Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Бээжин расмий "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.

Маалымат каражаттары 12 мамлекеттин, анын ичинде Орусия, Индия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн дипломаттары өткөн жумада Шинжаңга барышканын жазышты. Кыргызстандан өкүлдөр барган-барбаганы боюнча маалыматтар айтыла элек. Тышкы иштер министрлигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG