Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

Ажыга барчулардын кийимине жана эмдөө дарыларына сынак жарыяланды


Зыяратчылар. 2018-жыл.
Зыяратчылар. 2018-жыл.

2019-жылдын ажылык иштери башталганына байланыштуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы зыяратчылардын кийимин (форма) тиктирүү үчүн сынак жарыялады.

Ага катышууну каалагандардын документтерин кабыл алуу 11-январдан 11-февралга чейин жүрөт. Сынак 14-февралда өтөт.

Мындан сырткары муфтият ажыга бара тургандарды менингит жана гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүш үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптарга сынак жарыяланганын кабарлады.

Бул жылы Сауд Арабиясы Кыргызстанга 5 миң 510 квота берди. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG