Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Көкбөрүнүн эрежеси Ташкентте талкууланат


III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары. Чолпон-Ата шаары. 2018-жыл.
III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары. Чолпон-Ата шаары. 2018-жыл.

Бүгүн, 9-январда Өзбекстандын борбору Ташкентте көкбөрү оюнунун эрежеси талкууланат.

Эл аралык көкбөрү федерациясынын кезектеги конгрессинде оюндун эрежелери, өзгөчө тайказанга байланыштуу маселе каралат. Жыйынга Кыргызстандагы федерациянын президенти Жыргалбек Саматов катышат.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүнүн эрежесине байланыштуу пикир келишпестик жаралган.

Оюндун эрежеси былтыр декабрь айында Бишкекте, Эл аралык көкбөрү федерациясынын 20 жылдыгын утурлай уюштурулган конгрессте сөз болгон.

Ага уюмга мүчө болгон Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан сырткары Монголиянын, Ооганстандын, Түркиянын, АКШнын жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан.

Эл аралык көкбөрү федерациясынын вице-президенти Набиджан Жороев мындан ары Азия же дүйнө чемпионаты болобу, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештердин баары Эл аралык көкбөрү федерациясынын уруксаты жана анын эрежелери менен гана өтөрүн айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG