Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:41

Акыйкат издеген активист өзүн өзү өрттөй турганын билдирди


Активист Роза Маманова "Азаттыкка" интервью берип жатат.
Активист Роза Маманова "Азаттыкка" интервью берип жатат.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жашаган активист Роза Маманова укук коргоо органдарына жана бийлик өкүлдөрүнүн адилетсиз мамилесине нааразы болуп өзүн өзү өрттөй турганын "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, ал 2017-жылы жасалма арыздын негизинде мыйзамсыз камалып, укук коргоо органдары тарабынан коркутууга кабылган.

- Мени ал жерден "мэрге, өкмөткө, губернаторго арыз жазба" деген шарт менен чыгарышты. Мен 2017-жылы 30-ноябрда барып сурак берип келгем. Бир күн өтүп өтпөй туруп эле 1-декабрда мага издөө жарыяланып жатат. Мени тергөөчү да, участкалык милиция да чакырбай туруп камашты. 4-декабрда участкалык милиция мени бөлүмүнө чакырып, ошол жерден сыртымдан берилген санкциянын негизинде камашты. Мен жашы жете элек төрт баланы жалгыз багам. Мен террорист эмесмин да. Чындыкты таппай өзүмдү өзүм өрттөгөнгө баратам, - деп ыйлаган активист ал байма-бай бийлик өкүлдөрүнүн коррупциялык иштерин ачыкка чыгара турган далилдердин негизинде тийиштүү органдарга арыз жазып келгенин айтат.

Активист Роза Маманова учурда анын телефонуна белгисиз номерлерден автоматтардын жана снайперлердин сүрөттөрү, үйүнө бош конверттер келип жатканын айтты.

Маманова Баткен облусунун мурдагы прокурору, маркум Анарбай Мамажакыпов менен да мурда жолукканын, ал жемкорлук менен күрөшүүгө жардам берүүгө убада берип, бирок киши колдуу болуп калганын айтты. Маманова Мамажакыповдун өлүмүнө анын орун басарларынын түздөн-түз тиешеси бар деген ойдо.

Буга чейин Роза Маманова "Азаттыктын" атайын иликтөөсүнө да интервью берип, анда Баткен облусунун губернатору Ашим Халмурзаевдин коррупциялык иштерге аралашкандыгын тастыктаган маалыматтар менен бөлүшкөн. Анда ал аталган фактыларды текшерүү арызы менен Баткен шаардык кеңешинин депутаттарына да кайрылып келгенин, бирок алар тараптан эч кандай реакция болбой жатканын айткан. (KR)

XS
SM
MD
LG