Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:49

Жээнбеков: Жакында коррупциялык көп фактылардын бети ачылат


Сооронбай Жээнбеков. 9-январь, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков. 9-январь, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушууда өлкөдө коррупция менен күрөшүү токтобой турганын айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

- Өлкөдөгү коррупция ойлогондон да кеңири кулачын жайган экен, көп фактылар ачылды, ошондой эле жакында да көп фактылардын бети ачылат, - деп айткан президент.

Ошондой эле Жээнбеков экономикалык абалга да токтолуп, жаңы ишканалар көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн үч жылдык мөөнөткө бошотулганын, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу 1646 долбоор каржыланып, жалпысынан 300 млн. долларга жакын каражат жумшалганын белгиледи.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда өлкөнүн аймактары боюнча 2018-жылы 2500ден ашык жаңы жумуш орду түзүлдү. (BTo)

XS
SM
MD
LG